Blog Image

Бишкекте бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү

28-апрелде Бишкек шаарында бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси болуп өттү. Ага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык билимдер факультетинин кабыл алуу комиссиясына жооптуу окутуучулар жана студенттер катышып, окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. Иш-чарага жалпы 10 университет, 20 профилдик лицей жана окуу борборлору катышты.

Жарманкеде бир аянтчага калаадагы IT, курулуш, тейлөө, мейманкана, ресторан, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина жана башка тармактарда иш жүргүзгөн 70тен ашык алдыңкы компаниялар чогулган.

Мектеп окуучуларына, жаштарга жана жумуш издеген жарандарга ишке орношууга көмөктөшүү, кесипке даярдоо жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилди. Белгилүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер талапкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүштү.

Иш-чара Германия өкмөтүнүн буйругу менен Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.