Blog Image

Бишкектин №44 орто мектебинин 11-классынын окуучулары Биология жана химия факультетинде конокто

14-апрелде  ЖОЖ менен мектептин ортосундагы байланышты күчөтүү жана кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүү максатында Биология жана химия факультетинин базасында  Бишкек шаарынын №44 орто мектебинин 11-классынын окуучулары жана класс жетекчиси, биолог мугалими, факультеттин бүтүрүүчүсү Жаныбаева Жанылмырзанын жетектөөсү менен экскурсияга келишти. 
Факультеттин деканы, п.и.д., проф. М.Ж. Чоров окуучуларга кесипти туура тандоо келечекке кам көрүү жөнүндө окуучуларга акыл-насаатын айтты.
Профессор М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын профессору Б. С. Абдрахманова зоологиялык музей жана Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү жөнундө тааныштырып, бүтүрүүчү Ж. Жаныбаева университет жана факультет жөнүндө, студенттик күндөрүндөгү жетишкендиктерин, окуу-талаа практикаларындагы видеолорду, илимий кружоктордогу  жасалган макеттерин окуучуларга көрсөтүп, презентациялады. 
Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын  б.и.к., профессор С.Бейшеналиева илимий лабораторияда биохимиялык анализатордун иштөө ыкмасы боюнча    практикалык сабак өттү. 
Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын окутуучусу Сыргакбек кызы Динара окуучуларды химия сабагынан дистиллятор жана спектофотометр менен тааныштырды.