Blog Image

Биздин студенттер “Билгичтер турнири” ЖОЖдор аралык интеллектуалдык оюнунда жеңишке жетти

И.Арабаев атындагы КМУнун Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин 1-курсунун "Эрудиция" командасы ЖОЖдор аралык математика жана информатика боюнча "Билгичтер турнири” интеллектуалдык оюнунда 192 упай менен 1-орунду ээлеп, кубок жана 1-даражадагы диплом алышты. Турнирге катышкан командалар уюштуруучулар тарабынан берилген логикалык суроолорго жооп берип, интеллектуалдык түрдүү оюндарды ойношту. Студенттердин ортосундагы достукту бекемдөө максатындагы бул сынак Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан уюштурулган. Ага И.Арабаев атындагы КМУ, Ж. Баласагын атындагы КУУ, К. Карасаев атындагы БМУ жана Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттери катышты.