Биздин студенттер “Органик экспо” көргөзмө–жарманкесинде
2022-10-26
20-22-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетинин студенттери “Органик ЭКСПО” көргөзмө–жарманкесине ыктыярчы катары активдүү катышты.
Аталган иш чара Айыл чарба министрлигинине караштуу органикалык айыл чарба департаменти тарабынан Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамынын 95 жылдыгына карата “АгроТехЭкспо-2022” алкагында өткөрүлдү.