Биздин студенттер аскердик бөлүктө болушту
2022-10-28
13-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин 1-4-курсунун студенттери Аскердик бөлүккө барып, аскердик кызматтын негиздерин өздөштүрүүгө арналган иш чарага катышышты.
Юстиция министрлиги менен Аскердик бөлүктүн биргелешүүсүндө уюштурулган аскердик сабак студенттердин мекенди коргоо, ар намыстуулук сыяктуу сезимдерин жогорулатты.
Аталган иш чара Билим берүү жана илим министрлигинин “Кризистен кийинки калыбына келтирүү шартында балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндөгү” буйругуна ылайык өткөрүлдү.