Blog Image

“Борбордук Азия өлкөлөрүнүн билим берүү системасына туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнү интеграциялоо: негизги жетишкендиктер жана мындан аркы өнүгүү кадамдары” аттуу конференция өттү

16-июнда И.Арабаев атындагы КМУда “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн билим берүү системасында туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнүн интеграциясы: негизги жетишкендиктер жана мындан аркы өнүгүү кадамдары” аттуу конференция болуп өттү.

Иш-чарага Эстония Республикасынын Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тоомас Тирс, Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын, АКШнын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынын, И.Арабаев атындагы КМУнун өкүлдөрү катышты.

Конференциянын жүрүшүндө эксперттердин «ЮНЕСКОнун ТӨБ демилгесин ишке ашыруунун төрт жылы: Кыргыз Республикасында жетишилген натыйжалар», «Мектептер үчүн ТӨБ модулдары: өнүгүү процесси жана жоюлган кыйынчылыктар», «Алдыңкы тажрыйба боюнча сынак», «Казакстанда ТӨБ демилгесин ишке ашыруудагы негизги жетишкендиктер» баяндамалары угулду.

Искусство жана дизайн факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Жылдыз Сулайманова “Мугалимдерди даярдоо үчүн ЖОЖдун билим берүү программаларына ТӨБ интеграциясы” деген темада баяндама жасады.

Катышуучулар аймактык деңгээлдеги ТӨБну (туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү) билим берүүгө мындан ары интеграциялоо боюнча кызматташуу маселелерин жана өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун стратегияларын талкуулашты.