«Борбордук Азиядагы диний билим берүүнүн өткөнү, учурдагы абалы жана келечеги» эл аралык илимий-практикалык конференциясынын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды
«Борбордук Азиядагы диний билим берүүнүн өтмүшү, учурдагы абалы жана келечеги» эл аралык илимий-практикалык конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ №412 Жарлыгын жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу максатында И.Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин 2024-2025-окуу жылына илимий иштер, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча иш планына ылайык Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналган.
Конференция КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана И.Арабаев атындагы КМУнун дин таануу институту тарабынан биргеликте уюштурулду.
Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Татарстан, Түркия, Малайзия, Россия Федерациясынын университеттеринин ректорлору, изилдөөчүлөр, ошондой эле жергиликтүү теологдор, дин таануучулар, Дипломатиялык корпустун жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, профессордук-окуутуучулук курам, диний жана коомдук ишмерлер катышты.
Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды.