Blog Image

«Бостон: Улуу империянын урпактары» монографиясы презентацияланды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде М.Р.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун Психология-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын тарых илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучусу Нурбек Жолдошов менен Аким Абдыкааровдун «Бостон: Улуу империянын урпактары» монографиясынын презентациясы өттү. 
Ага окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын, Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинин, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, К.Карасаев атындагы БМУнун, Кыргызстан эл аралык университетинин, "Кыргыз Биримдиги" эл аралык коомдук уюмунун, журналисттер жана жазуучулар союзунун өкүлдөрү катышты.
Алар жарыш сөздө китеп тууралуу ой пикирлерин айтып, кызыктуу талкуу жаратышты жана авторлорго ыраазычылык билдирип, тарых тууралуу мындай эмгек жараткан тарыхчылар аз экенин баса белгилешти.  
«Бостон: Улуу империянын урпактары» монографиясы-негизинен кыргыздын бостон уруусуна арналган. Бостон уруусунун келип чыгышы үч карлук уруу бирикмеси менен байланышкандыктан китепте карлуктар жөнүндө орхон-энесай жазма эстеликтердеги, кытай, монгол, араб-перс жана түрк булактарындагы маалыматтар камтылган.