Blog Image

“Чет тилдеринде (англис, корей)  көркөм окуу”  аттуу конкурс

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Тил даярдыгы жана котормо кафедрасында Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык  эне тил күнүнө карата“Чет тилдеринде (англис, корей)  көркөм окуу”   аттуу конкурс болуп өттү. 

Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынын башчысы Н.А.Эргешбаева сөз сүйлөп, конкурстун максаты көркөм чыгармалардын тили аркылуу студенттердин сөз байлыгын, жазуу жана оозеки сабаттуулугун, сүйлөө маданиятын өнүктүрүү, мыкты образдар аркылуу адептик-ыймандык жана мыкты атуулдук сапаттарга жараша тарбия алуусуна көмөк болуу; мыкты адабий үлгүлөрдү окуп-үйрөнүү аркылуу окуучулардын рухий дүйнөсүн калыптандыруу экендигин белгилеп өттү.

Конкурстун башталышында  IACD Корей фондунун атынан МТМИнин директорунун орун басары А.Каныбекова окуудагы ийгиликтери үчүн “Котормо жана котормо таануу” профилинин студенттерине  стипендия тапшырды.  Ошондой эле Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Кореядагы Чунан университеттинин студенттери Ким Га Гуин жана Ким Сунгхунга “Жаш котормочулар” аттуу ийримде студенттер менен иш алып баргандыгы үчүн  институттун атынан ыраазычылык кат тапшырылды.

Бул конкурста 1-курстар окууга болгон кызыгуусун жана активдүүлүгүн көрсөтүштү. Айрыкча  АН(к) -11-22 группасындагы Нурлан кызы Гулниза Чарли Чаплиндин образында “Жашоо сүртүмдөрү” аттуу монологун жогорку чеберчиликте аткарып берди.  Конкурстун жеңүүчүлөрү институттун грамоталары менен сыйланышты