Blog Image

Чолпон-Ата шаарында санариптештирүү жана жашыл университет боюнча тренинг өтүүдө

22-июлдан 30-июлга чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин өкүлдөрү Европа союзу тарабынан уюштурулган “Эразмус" долбоорунун алкагында "Санариптик жана жашыл университеттерди трансформациялоо” аталышындагы тренингде катышууда.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев, Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы Гүлзада Насрединова, География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти Чынара Садыкова, География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын окутуучусу Нурбек Жумалиев жана илимий катчы Нуриля Чойбекова катышууда.

Бул долбоорго Кыргызстан боюнча 12 жогорку окуу жайы жана Вильнюс (Литва) жана Гамбургдан (Германия) келген профессорлор катышууда.

Тренингдин алкагында катышуучулар жашыл технологияларды жана санариптештирүүнү колдонуунун мыкты тажрыйбалары менен таанышып, алган билимдерин жана көндүмдөрүн өз ишмердүүлүгүндө колдонуу боюнча аракет планын иштеп чыгышат.

Тренинг Чолпон-Ата шаарында “Акун” пансионатында өтүүдө.

Бул биздин университет үчүн Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө салым кошуу, чыныгы жашыл университетке айлануу жана Кыргызстандагы билим берүүнү санариптештирүү боюнча лидер болуу үчүн сонун мүмкүнчүлүк болуп саналат.