Blog Image

Чыңгыз Айтматовдун айкелинин ачылышы

Бүгүн, 18-декабрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин 3 айлыгынын алкагында Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулган Чыңгыз Айтматовдун айкелинин ачылышы болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чараны Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева ачып сөз сүйлөп, университеттин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Роза Айтматовага Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгы юбилейлик медалын тапшырды.

Ошону менен бирге, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин табигый-математикалык билимдер кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Жанышбек Жамурзаевге ыраазычылык кат тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чарага КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тилдер жана адабият институтунун директору, ф.и.д., академик Абдылдажан Акматалиев катышты.

Аталган иш-чарада "Манас" театрынын директору, манасчы Азиз Биймырза уулу "Манас" эпосунан үзүндү айтып берди.

М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун студенттери тарабынан “Улуулардан уланган улуу жомок” аттуу сахналаштырылган көрсөтүү тартууланып, андан соң аталган институттун 3-курсунун студенти Андрей Красников “Майсалбектин катындагы патриоттук идеялар” аттуу баяндамасын мыкты аткарып, катышуучулардын алкышына ээ болду.

Иш-чарага ЖОЖдун проректорлору, курам жетекчилери жана студенттер катышты.