Blog Image

“ЧЫГААН ПЕДАГОГДУ ЭСКЕРҮҮ”

Россия Федерациясынын Педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги, “Манас – 1000”, “Эмгектеги артыкчылык”, “Даңк” медалдарынын ээси, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору Магрифа Рахимовна Рахимова “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өмүр бою эмгектенип, студенттердин, жалпы эле жаштарды агартуу ишине өз салымын кошуп келген. Башкача айтканда, агартуу ишине өмүрүн байлаган адам. 
Магрифа Рахимовна совет доорунун батыш педагогикасы менен кыргыз элинин чыгыш педагогикасын мыкты өздөштүргөн, чет элдик улуу педагогдордун эмгектерин кыргыз элинин педагогикасына билги айкалыштырып, этнопедагогикалык мыкты үлгүлөрдү жарата алды. 
Талыкпаган мээнети улуу окумуштуу-педагогду бийик интеллектуалдык, педагогикалык-философиялык бийиктиктерге жеткирди. М. Рахимова өмүрүн бир гана максатка – агартуу ишине арнаган инсан. Анын эмгектери Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган. Анын “Педагогикалык жогорку билим берүү системасындагы мугалимдик личносттун (адамдык) калыптанышы” (1984); “Педагогика тарыхынын очерктери” (1999) сыяктуу эмгектери мугалим кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелерин изилдөөгө арналган. 

Атактуу окумуштуу, мээрман эне, сүйүктүү мугалим катары элеси эсте жашай бермекчи.