Blog Image

Кытай тилин мыкты окуган студенттерге Конфуций институтунун стипендиясы тапшырылды

2022 жылдын 15-декабрда И. Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде кытай тилин мыкты окуган 1-курстун студенттерине Конфуций институтунун стипендиясын тапшыруу аземи болуп өттү. Стипендияга тил үйрөнүү боюнча жетишкендиктери үчүн МО 1-22 гр.студенттери Усупова Айпери жана Рыскул кызы Аяна татыктуу болушту.

Иш-чарага И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окуу иштери боюнча проректор Курманбек уулу Талантбек, Конфуций институтунун директору Ду Хуа, Конфуций институтунун кыргыз тарабынан директору Гульзат Исаматова, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы Замир Алымкулов жана кафедра башчылары, окутуучулар катышышты.

Аталган факультетте Конфуций классы 2019-жылдын 7-октябрында И.Арабаев атындагы КМУ менен Конфуций институтунун эки тараптуу келишиминин негизинде ачылган. Үч жыл ичинде 100гө жакын студент кытай тилин окуп үйрөнүштү. Тил үйрөнүү менен эле чектелбестен, көптөгөн иш-чараларга катышып, Кытай маданиятын үйрөнүүгө да жетишти.

Келишимдин алкагында, И. Арабаев атындагы КМУнун кытай тили боюнча окуткан мугалимдери Кытайдын университеттерине стажировкага барып, окуп келишти. 2021-2022 жылдары карантин шарттарына байланыштуу, студенттер он-лайн форматында Далян, Шинжанг, Аншань, университеттеринде окушту.