Blog Image

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасы иш берүүчүлөр менен жолугушту

12-март күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасы иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү жана Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө, келечекте бирге иш алып баруу маселелери, магистрант, студенттерге практика өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү, студенттер, магистранттар жана окутуучуларга семинар уюштуруу боюнча маселелер талкууланды.