Blog Image

Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту студенттер күнүн белгилешти

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери 17-ноябрь - Эл аралык студенттер күнүнө карата концерттик программа уюштурду. Ага аталган институттун окутуучулары жана 1-курстун студенттери чакырылган. Иш-чарада активдүү студенттерге директордун атынан ардак грамота тапшырылды.