Blog Image

Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей бөлүмүнүн жана Бишкек Седжон институтунун студенттери Ала-Арча улуттук паркына эс алууга чыгышты

29-сентябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей бөлүмүнүн жана Бишкек Седжон институтунун студенттери Ала-Арча улуттук паркына жөө жүрүшкө чыгышты.
Жөө жүрүштүн маданий программасына 200гө жакын студенттер жана мугалимдер катышты.
Анда бий, оюндар, кызыктуу старт, даамдуу түшкү тамак, «Кенч издөө», улуттук жана спорттук оюндар, пайдалуу нетворкинг жана чакан сыйлыктарды тапшыруу уюштурулду.
Жөө жүрүштүн соңунда Ала-Арча улуттук паркынын аймагын тазалоо (таштанды чыгаруу) уюштурулду.