Blog Image

Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун окутуучулары АКШнын Мамлекеттик Департаментинин программалары тууралуу презентацияга катышышты

24-октябрда И.Арабаев атындагы КМУда АКШнын Мамлекеттик Департаментинин программалары тууралуу презентация болуп өттү. Презентацияны АКШ элчилигинин англис тили боюнча программаларынын координатору Наталья Джуманалиева өткөрдү. Презентацияга Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун окутуучулары катышты.