Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун окутуучусу Н.Ж.Абалова Флоренцияда “АКШ институттарын изилдөө” программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн семинарына катышты
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Назгүл Жоомартовна Абалова Флоренция шаарында (Италия) “АКШ институттарын изилдөө” (SUSI) программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн семинарына катышты. Семинар 12-15-октябрь күндөрү Нью-Йорк университети тарабынан уюштурулган.
Иш-чарада «Маданият жана коом: иденттүүлүк жана теңсиздик», «Маданият жана демократияны окутуу», «Журналистика, технология жана демократия: журналистика, технология жана демократиядагы иденттүүлүктүн баяндары», «Жогорку билимдин келечеги», «Иштин келечеги жана жаш жарандар» жана башка кызыктуу сессиялар болду.
Семинарга 22 мамлекеттинин 48 өкүлү катышты.