Жогорку окуу жайлар арасында "Ден соолук - 2024" аталышындагы мелдеш уланууда
Бишкек шаарынын Жогорку окуу жайлар жана орто кесиптик окуу жайларынын окутуучулары арасында «Ден соолук 2024» аталышында мелдеш уланууда. Мелдеш спорттун 7 түрү боюнча оюндар өтүүдө. Алар, футзал, стритбол, тогуз коргоол, стол үстүндөгү теннис, волейбол, шахмат, ордо.
И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулук курамы спорттун футбол, тогуз коргоол, волейбол, стол үстүндөгү теннис, оюндары боюнча 12-февралдан баштап куч сынашты. И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева оюндун жүрүшүнө көз салып турду. Тогуз коргоол боюнча таймашта мырзалар жана айымдар 2-орунга ээ болсо, стол үстүндөгү теннисте айымдар 5-орунду ээледи. Волейбол боюнча мелдеште мырзалар 1-орун, ал эми айымдар 2-орун багындырышты. Шахмат боюнча мелдеште 1-орунду ээлешти.
Оюндун жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө грамота, медаль, кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Ошондой эле, жеңүүчүлөр ар бир спорттун түрү боюнча 2024-жылдын 20-июнунан тартып, Ысык-Көлдө өтүүчү Республикалык “Ден соолук-2024” мелдешине катышат.