Blog Image

"Ден соолук-2023" спартакиадасынын ачылышы

12-январда И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери арасында өтө турчу "Ден соолук-2023" спартакиадасынын ачылышы болду.

Иш чаранын максаты дени сак жашоо образын жайылтуу жана окуу жайдын окутуучулары арасында эң күчтүү спорттук командаларды аныктоо болуп саналат.

Спартакиадада спорттун волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол жана футбол түрлөрү боюнча эркектер жана айымдар командалары күч сынашат.