Blog Image

«Ден соолук» спартакиадасында КМУнун футбол боюнча курама командасы I орунду ээледи

Чолпон-Ата шаарынын «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын спорттук базасында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар кызматкерлери арасында «Ден соолук» спартакиадасында жыйынтыкталып, КМУнун футбол боюнча курама командасы 1-орунду жеңип алды.

Волейбол боюнча 45 жашка чейинки категориядагы мырзалар командасы 2-орунду, 45 жаштан жогору категориядагы мырзалар командасы 3-орунду ээлесе, 45 жаштан жогору категориядагы айымдар командасы 3-орунду ээледи.Тогуз коргоол боюнча айымдар командасы 2-орунду багындырды.