“Ден соолук» спартакиадасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өттү
Бишкек шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын окутуучулары арасында өткөрүлгөн “Ден соолук» спартакиадасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Сыйлык тапшыруу аземи Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтүп, ага «Жаштык» дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев жана оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.
“Ден соолук» спартакиадасынын жыйынтыгы боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин командасы төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:
Волейбол боюнча 45 жаштан жогорку категориядагы кыз-келиндер командасы II орун, 45 жашка чейинки категориядагы кыз-келиндер командасы I орунду; ошондой эле, 45 жаштан жогорку категориядагы эркектер командасы II орун, 45 жашка чейинки категориядагы эркектер командасы I орунду ээледи.
Тогуз коргоол боюнча 45 жаштан жогорку категориядагы кыз-келиндер командасы II орун, 45 жашка категориядагы кыз-келиндер командасы III орунду ээледи.
Шахмат боюнча 45 жаштан жогорку категориядагы кыз-келиндер командасы III орунду ээледи.
Стол тенниси боюнча 45 жаштан жогорку категориядагы кыз-келиндер командасы III орунду ээледи.
Футбол боюнча 45 жаштан жогорку категориядагы эркектер командасы II орунду ээлешти.
Эскерте кетсек, “Ден соолук» спартакиадасынын алкагында спорттун 7 түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, аларга жалпысынан 650 адам катышкан. Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү жеңүүчүлөр жай мезгилинде Ысык-Көлдө өткөрүлүүчү республикалык спартакиадага катышуу укугуна ээ болушат.