Blog Image

Дене тарбия факультети Биология жана химия факультети менен биргеликте Эл аралык спорт күнүнө карата иш-чара уюштурду

Бул иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Бириккен Улуттар уюмунун өкүлү Жыпара Ракишова, Кыргыз Республикасынын жана Советтер Союзунун оор атлети, олимпиада чемпиону, төрт жолку дүйнөнүн жана эки жолку Европа чемпиону, “Эмгек Кызыл Туу” жана “Манас” ордендеринин ээси Каныбек Осмоналиев, Оор атлетика боюнча спорт чебери, спорттун бодибилдинг түрүнүн Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону жана таяк-тартыш боюнча дүйнөнүн 5 жолку чемпиону Келдибек Атайбек уулу жана Чоң футбол боюнча дасыккан машыктыруучу, “Алга” футбол клубунун 2022-жылдын дубль курамаларынын арасындагы Кыргыз Республикасынын биринчилигинин машыктыруучусу Мирбек Шабданов катышты. 
Спорттук иш-чарага келген ар бир мейманга сөз берилип, оор атлетика боюнча спорт чебери Каныбек Осмоналиев окуу жайыбыздын студенттерине өзүнүн кеп-кеңешин, жашоодо ар бир адам өз ордун табуу керектигин, акыл-насааттарын жана өзүнүн өмүр баяны менен бөлүшүп, жаштарды улууну урматтап, мугалимдерди баалоо керектигин айтып өттү. Мындан сырткары таяк-тартыш жана бодибилдинг боюнча чебер Атайбек уулу Келдибек жаштарды патриот болууга жана талыкпай эмгектенүү керектигин билдирди.
Спорттук иш-чаранын алкагында И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери менен окутуучулары жыл ичинде спорт жаатында ийгилик жараткандарды сыйлоо аземи менен уланды. 
Ошондой эле иш-чаранын соңунда И.Арабаев атындагы КМУнун кызматкерлери менен студенттери үчүн “Гимнастика жана аэробика” залынын ачылышы болуп, университеттин ректору Айгүл Абдраева, спорт чеберлери Каныбек Осмоналиев, Келдибек Атайбек улуу, Мирбек Шабданов, окуу жайыбыздын Окуу иштери боюнча проректору Талант Курманбек уулу жана Биология жана химия факультетинин деканы Маматкан Чоров катышышты. 
Айта кетсек, И.Арабаев атындагы Дене тарбия факультети 2022-жылдын 1-ноябрынан бери факультет болуп иштеп келет жатат, буга чейин аталган факультет бөлүм гана болгон.