Blog Image

Дене тарбия факультетинин деканы ХI эл аралык илимий конгрессине катышты

26-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дене тарбия факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Каныбек Сарымсаков Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан ХI эл аралык илимий конгрессине катышып, “Спорт – этикалык жана эстетикалык тарбия берүүнүн көп кырдуу ыкмасы” деген темада доклад окуду. 
Конгресстин жүрүшүндө К. Сарымсаков “Спорт, Адам, Ден соолук” илим жана спортту өнүктүрүү боюнча эл аралык коомдук уюмунун аткаруу комитетинин төрагасы Василий Шестаков менен жолугушту. Жолугушууда өз ара кызматташуунун перспективалуу багыттарын өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлду.
Эл аралык конгресстин алкагында Каныбек Сарымсаков Өзбекстан дене тарбия жана спорт адистеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун окуу иштери боюнча проректору Аскар Амонов менен жолугушуп, биргелешкен илимий конференцияларды, программаларды өткөрүү жана кызматташуу боюнча келишимге кол коюуга даярдык көрүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 
Ошондой эле Каныбек Сарымсаков конгресстин катышуучусу, Сербия мамлекетинин Нови-Сад университетинин өкүлү Патрик Дрид менен жолугушуп, эки тараптын достук байланыштарын өнүктүрүү багытында кызматташуу тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.