Blog Image

Дене тарбия факультетинин студенттери Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 3-орунду багындырышты

2023-жылдын 5-10-ноябрь күндөрү Казакстандын Туркестан шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин студенттери арасында өткөн эл аралык мелдеште Кыргызстандын волейбол курама командасы 3-орунду багындырышты. Аталган команданын курамында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дене тарбия факультетинин 2 студенти Амангелди уулу Афтандил менен Мукум уулу Исабек бар. Аларды окуу жайдын ректору эң мыкты оюн көрсөтүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, жеңиштери менен куттуктады. Ошондой эле 9-класстын базасындагы 1-курстун студенти Айсезим Кушубекова Астана шаарында өткөн бокс боюнча Азия чемпионатында 3-орунду ээлеген.