Blog Image

Дене тарбия факультетинин студенттери окуу жайдын проректору Б.Исаев менен салтанаттуу учурашуу аземи болуп өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Административдик чарба иштери боюнча проректору Бакбур Исаев менен Дене тарбия факультетинин «Дене тарбия жана аны окутуунун технологиясы» кафедрасынын Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо кошумча адистигинде билим алып жаткан 1-курсунун студенттери салтанаттуу учурашуу иш-чарасы болуп өттү.

Анда, Дене тарбия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы Жумабек уулу Канат рапорт берди.

Бул жөрөлгө ар бейшемби күнү болуп турат. Иш-чара Дене тарбия факультетинин “Дене тарбия жана аны окутуунун технологиясы” кафедрасынын окутуучулары тарабынан уюштурулган.