Blog Image

Дене тарбия факультетинин студенттери окуу жайдын проректору Жайна Садыкбек кызы менен салтанаттуу учурашуу аземи болуп өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы менен Дене тарбия факультетинин «Дене тарбия жана аны окутуунун технологиясы» кафедрасынын Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо кошумча адистигинде билим алып жаткан 1-курсунун студенттери салтанаттуу учурашуу иш-чарасы болуп өттү.

Анда, Дене тарбия кафедрасынын ага окутуучусу Нарынбек Акматов рапорт берди.

Бул жөрөлгө ар бейшемби күнү болуп турат. Иш-чара Дене тарбия факультетинин  “Дене тарбия жана аны окутуунун технологиясы” кафедрасынын окутуучулары тарабынан уюштурулган.