Blog Image

Дене тарбия жана спорт институтунун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери арасында футбол боюнча блиц-турнири өттү

21-май күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Дене тарбия жана спорт институтунун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери арасында футбол боюнча блиц-турнири өттү. Иш-чарага Дене тарбия жана спорт институтунун директору Каныбек Сарымсаков катышып, өлкөдө спорттун футбол түрүн өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери арасында өткөрүлгөн блиц-турнир КРнын президенти Садыр Жапаровдун “2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.