Blog Image

Дипломат Сактанбек Кадыралиев И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери менен жолукту

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин “Эл аралык мамилелер” адистигинин студенттерине, Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси Кадыралиев Сактанбек Кадыралиевич “Дипломатиялык протокол, этикет жана кыргыз каада-салты” деген темада конок лекция өттү. Жолугушууда Сактанбек Кадыралиев  дүйнөлүк жана кыргыз дипломатиясында колдонулган протоколдордун өзгөчөлүктөрү менен окшоштуктарына токтолуп, өзүнүн иш тажрыйбасында болгон кызыктуу окуялары менен бөлүштү. Андан тышкары бул кесиптин ээлерине эне тилдин жана чет тилдин мааниси тууралуу кеңири баяндап, өзгөчө мотивация берди. Лекцияга катышкан студенттер дипломаттын калыптануусуна жардам берген негизги китептер тууралуу суроолорун беришти. Конок лекцияны  уюштурган Аймак жана маданият таануу кафедрасы, мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүү келечектеги дипломат адистердин кесипкөй болуп, тажрыйбасын ар тараптан өнүктүрүүгө жол ачарына ишенет.