Blog Image

Дипломатиялык академияда “Erasmus+ потенциалын жогорулатуу долбоорлорунун Кыргызстандагы жолугушуусу” аталышындагы тегерек отурум өттү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында “Erasmus+ потенциалын жогорулатуу долбоорлорунун Кыргызстандагы жолугушуусу” аталышындагы тегерек отурум болуп өттү. Ага өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекттик университетинин Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева жана Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев катышып келди. Жолугушууда 2021-2023-жылдарга карата Кыргызстандагы Эразмус+ Улуттук кеңсесинин долбоорлоруна сереп салуу жана натыйжалуулугун баалоо сунушталып, келечектеги долбоорлордун ортосундагы өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.