Blog Image

Доцент А.Каныбекова ГПКнын студенттерине “Текст менен иштөөдөгү заманбап ыкмалар” (Ч.Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасынын негизинде) темасында конок-лекция өттү

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айнур Каныбекова гуманитардык-педагогикалык колледждин “Башталгыч билим берүү” профилинин 2-курсунун студенттерине “ Текст менен иштөөдөгү заманбап ыкмалар” (Ч.Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасынын негизинде) темасында конок-лекция өттү.

Доцент А.Каныбекова студенттерге Ч.Айтматовдун "Кызыл алма" чыгармасындагы каармандардын терең символикалык маанисин, алардын образдары аркылуу сүйүүнүн, жоготуунун жана адамдын ички дүйнөсүнүн кыйынчылыктары чагылдырылгандыгын айтып берди. Лекциянын негизги максаты: студенттер чыгарманы талдоо аркылуу анын негизги темаларын, символдорун жана мазмунун аныктоо.

Сабактын жыйынтыгында тексттеги эмоционалдык компоненттерди анализдөө менен студенттердин сезимдерин жана чыгармадан алган таасири талкууланды.