Blog Image

Доцент Бакыт Турдумамбетов «Кыргызстандын туризм тармагынын актуалдуу кɵйгɵйлɵрү» аталышында конок-лекция өттү

19-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттерине Кыргыз-Түрк Манас университетинин Туризм факультетинин Саякат иши жана гид кызматынын бɵлүм башчысы, доцент Бакыт Турдумамбетов «Кыргызстандын туризм тармагынын актуалдуу кɵйгɵйлɵрү» аталышында конок-лекция өттү. Конок-лекцияга КМУнун окутуучулары жана студенттери катышты. Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын туризм тармагында жаралган кɵйгɵйлɵр тууралуу маалымат берилди.