Blog Image

Доцент Батима Жакышова “Химия сабагында сынчыл ойломду өнүктүрүү технологиясын колдонуу” аталышында ачык сабак өттү

17-апрель күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун “Табият таануу” жумалыгынын алкагында Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти Батима Жакышова “Химия сабагында сынчыл ойломду өнүктүрүү технологиясын колдонуу” аталышында ачык сабак өттү.

Ачык сабактын жүрүшүндө сынчыл ойлом технологиясын ишке ашыруунун негизги үч эрежеси чакыруу, түшүнүү, ойлонуу тууралуу маалымат берилди. Иш-чарага окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышты.