Blog Image

Доцент Ч. М. Садыкова Москвада өткөн «Туруктуу өнүгүү: кызматташтыктын келечеги» аталышындагы тегерек столго катышып келди

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти Ч. М. Садыкова 24-25-октябрь күндөрү Москва шаарында өткөн Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн «Туруктуу өнүгүү: кызматташтыктын келечеги» аталышындагы тегерек столго катышып, “РЭБ глобалдык тармагынын Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү платформасы” деген темада доклад окуду. 
Аталган иш-чара С.Ю. Витте атындагы Москва университетинин Туруктуу өнүктүрүү консорциуму тарабынан өткөрүлдү.