Blog Image

Доцент Чолпон Кийизбаева “Илимий журналдарга макала жазуунун жолдору: “Эл агартуу” журналынын мисалында” аталышында ачык сабак өттү

12-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУда филология илимдеринин кандидаты Чолпон Кийизбаева “Илимий журналдарга макала жазуунун жолдору: “Эл агартуу” журналынын мисалында” аталышында ачык сабак өттү. Ачык сабака КМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар илимий журналдарга макала жазуунун жолдору тууралуу кенен маалыматка ээ болушту. Студенттер тарабынан суроолор берилип, жеткиликтүү жооптор айтылды.