Доцент Гүлнара Шаршеналиева Талас мамлекеттик университетинде илимий-методикалык семинар өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Гүлнара Шаршеналиева академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Талас мамлекеттик университетинде илимий-методикалык семинар өткөрдү. Иш-чарага Талас мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери, ошондой эле, Талас шаарындагы биолог мугалимдер катышты. Семинардын жүрүшүндө доцент Гүлнара Шаршеналиева “Генетика” предмети боюнча "Аллель эмес гендердин өз ара аракеттенишүүсүндөгү тукум куучулук", "Этногеномика", "Эпигенетикалык процесстердин механизмдери жана практикалык мааниси"аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чара илим-билим жаатында кызматташтыкты чыңдоого жана тажрыйба алмашууга шарт түздү.