Доцент Н. Абдраева курсту ийгиликтүү аяктаган мугалимдерге күбөлүктөрдү тапшырды
Бүгүн, 18-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун доценти Назгүл Абдраева Бишкек шаарындагы №21 бала бакчанын тарбиячыларына “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү” аталышында 72 сааттык курсту ийгиликтүү аяктагандыгы боюнча күбөлүктөрдү тапшырды.
Бул курс билим берүү мекемелеринин педагогикалык кадрларын өркүндөтүүгө багытталып, мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүнө таасир этүүчү заманбап усулдарды үйрөтүүгө жана теориялык билим менен катар практикалык көндүмдөрдү бекемдөөгө шарт түздү.