Blog Image

Доцент Н.Абдраева мектепке чейинки билим берүү боюнча курстарды ийгиликтүү жыйынтыктады

Бүгүн, 10-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун доценти Назгүл Абдраева Бишкек шаарындагы “Гүлзар” окуу борборунда “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү” аталышында 72 сааттык курстарды ийгиликтүү жыйынтыктады.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери активдүү катышып, заманбап педагогикалык ыкмаларды үйрөнүү жана квалификацияларын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле, теория менен практиканы айкалыштырып, балдарды ар тараптуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон көндүмдөр тууралуу маалыматтар берилди.

Курстун негизги максаты: мектепке чейинки билим берүү тармагындагы адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу.