Blog Image

Доцент Н.Абдраева “Мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы” аталышында онлайн курс өтүүдө

Бүгүн, 11-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун доценти Назгүл Абдраева “Мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы” аталышында 72 сааттык онлайн курс өтүп баштады.

Онлайн курстарына мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышып, заманбап педагогикалык ыкмаларды үйрөнүүгө жана өз квалификацияларын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты.

Аталган курстар мектепке чейинки билим берүү тармагындагы кадрлардын квалификациясын жогорулатууга багытталып, билим берүү кызматкерлерине теориялык билимди практика менен айкалыштырып, балдарды ар тараптуу өнүктүрүү үчүн керектүү көндүмдөрдү үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Онлайн курстарга республика боюнча бардык региондордон мектепке чейинки билим берүүнүн кызматкерлери катышып жатат.