Blog Image

Доцент Н. Абдраева “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү” аталышында семинар өттү

Доцент Н. Абдраева “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү” аталышында семинар өттү

Бүгүн, 24-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Назгүл Абдраева Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин кесиптик колледжинде “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү” аталышында семинар өттү.

Иш-чарага Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин кесиптик колледжинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Семинардын жүрүшүндө балдардын тарбиясы жана өнүктүрүлүшү боюнча актуалдуу маселелерди талкууланып, практикалык көндүмдөр тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын соңунда доцент Назгүл Абдраевага Кыргыз-Түрк "Манас" университети тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.