Blog Image

Доцент Назгүл Абдраева “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү” аталышындагы 72 сааттык курс өтүп баштады

Бүгүн, 18-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун доценти Назгүл Абдраева Бишкек шаарындагы “Гүлзар” окуу борборунда “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү” аталышындагы 72 сааттык курс өтүп баштады.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышып, заманбап педагогикалык ыкмаларды үйрөнүүгө жана өз квалификацияларын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чара мектепке чейинки билим берүү тармагындагы кадрлардын квалификациясын жогорулатууга багытталып, билим берүү кызматкерлерине теориялык билимди практика менен айкалыштырып, балдарды ар тараптуу өнүктүрүү үчүн керектүү көндүмдөрдү үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түздү.