Доцент Назгүл Бийназарова Казакстандын Шымкент шаарында өткөн «Жаш изилдөөчү 2024» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга онлайн катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Англис тилинин технологиясы, теориясы жана практикасы кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Назгүл Бийназарова Казакстандын Шымкент шаарында өткөн «Жаш изилдөөчү 2024» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга онлайн катышып, «Окутуучунун педагогикалык техникасынын жана кесиптик өсүшүнүн ролу» аталышында баяндама жасады. Конференция оффлайн жана онлайн форматта уюштурулуп, ага Өзбекстан, Россия, Кыргызстан жана Белоруссия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты.
Доцент Назгүл Бийназарова өзүнүн докладында заманбап билим берүү жогорку деңгээлдеги квалификациялуу педагогдорду талап кыларын белгилеп, педагогдун квалификациясы психологиялык жана педагогикалык даярдыктан кураларын, анын ичинде педагогикалык техниканын ролу өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
«Жаш изилдөөчү 2024» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция жаш изилдөөчүлөр үчүн тажрыйба алмашуу жана илимий байланыштарды чыңдоого шарт түздү.