Blog Image

Доцент У.Сапарбаева “Татаал гүлдүүлөр тукуму – Composytae” темасы боюнча ачык практикалык сабак өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун професоор М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти Уулай Сапарбаева “Табият таануу” жумалыгынын алкагында “Өсүмдүктөрдүн систематикасы” дисциплинасынан “Татаал гүлдүүлөр тукуму – Composytae” темасы боюнча ачык практикалык сабак өттү. Сабак ар түрдүү интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен өттү. Мисалы, татаал гүлдүү өсүмдүктөрдүн жалпы мүнөздөмөсү видео аркылуу көрсөтүлүп, алардын өзгөчөлүктөрү гербарий жана мөмөлөрдүн коллекцияларын колдонуу менен түшүндүрүлдү. Ал эми татаал гүлдүүлөрдүн көп түрдүүлүгү сүрөттөр менен коштолуп, эл чарбасындагы мааниси боюнча студенттер тест жазышты. Студенттердин келечектеги кесибине даярдык катары татаал гүлдүүлөрдүн гүлдөрүнүн 4 тибин кагаздан кыркып жасоо практикалык иши аткарылды.

Ошондой эле студенттер лабораториялык ишти аткаруда дары каакымдын топ гүлүн лабораториялык куралдардын жардамы менен кесип, микроскоптон карап, анын бөлүктөрү менен таанышты, аптека ромашкасынын түрүн аныктаганды көрсөтүп беришти.

Мындан тышкары, санариптештирүү талабына ылайык студенттердин билими Word wall; Kahoot программасы аркылуу текшерилди.