Blog Image

“Долбоордук иш жана дисциплиналар аралык байланыштар аркылуу STEM окутууда интеграцияланган ыкмалар”

Экология жана туризм кафедрасында доц.м.а., б.и.к. Садыкова Г.С. 2022-жылдын январынан 30-декабрга чейин созулган “Долбоордук иш жана дисциплиналар аралык байланыштар аркылуу STEM окутууда интеграцияланган ыкмалар” квалификацияны жогорулатуу курсун (96 саат) аяктап сертификатка ээ болду.

Ү.ж. 8-9-февраль күндөрү аталган долбоордун жыйынтыгы катары Экология жана туризм кафедрасында доц.м.а., б.и.к. Садыкова Г.С. ОӨБК “Кыргызстан эл аралык университетинин” жана башка ЖОЖдордун мугалимдерине “STEM-science, Technology, Engineering and Mathematics: сабакта жана практикада пайдалануу” деген темада семинар-тренинг өткөрүштү. Тренингдин катышуучулары окутуунун инновациялык инструменттерин жана ыкмаларын адистик окутууга жайылтуу жана колдонуу боюнча жаңы маалыматтарды алышты.