Blog Image

“Достук” фестивалы жыйынтыкталды

И. Арабаев атындагы КМУда Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмү тарабынан Нооруз майрамын утурлай чет өлкөлүк студенттер арасында "Достук" фестивалы уюштурулду. Фестивалга окуу жайыбыздын Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы сөз сүйлөп, ачып берди. Аталган саамалыктын жүрүшүндө кыргыз, орус, өзбек жана азербайжан улутундагы студенттер жарышышты. Катышуучулар ыр, бий жана улуттук тамак-аштан турган 3 категорияда күч сынашты.

Фестивалдын жыйынтыгы боюнча орус улутунун өкүлдөрү 1-орунга, өзбек улутунун өкүлдөрү 2-орунга, кыргыз улутунун өкүлдөрү 3-орунга ээ болушту. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган иш чаранын максаты – өлкөдөгү улуттар аралык достук мамилелерди бекемдөөгө, илимий, экономикалык, маданий интеграцияга жол ачуу болуп саналат.