Blog Image

ДТЭМИ студенттери КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушту

16-май күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын “Эл аралык мамилелер” адистиги боюнча окуп жаткан студенттер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине барышты.

Иш-чаранын алкагында студенттер КР ЖК сессиясынын жүрүшүнө күбө болуп, парламенттин музейи, китепканасы менен таанышты.

Ошону менен бирге, студенттер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эльвира Сурабалдиева жана Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуп, кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Бул жолугушууну КМУнун Педагогика кафедрасынын ага окутуучусу Эльмира Турсунова уюштурган.