Blog Image

ДТЭМИнин студенттери Ирандын КРдагы элчиси менен жолугушуусу өттү

Бүгүн, 24-апрель күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун базасында түзүлгөн “Иран тили жана маданияты” борборунда окуган студенттер менен Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Голамхосейн Ядегеринин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда КМУнун ректору Айгүл Абдраева элчи мырза менен студенттердин фарси тилин канчалык деңгээлде өздөштүрүп жаткандыктары, академиялык мобилдүүлүк жана жалпы окутуучулар курамынын эки өлкө ортосундагы тажрыйба алмашуусу тууралуу талкуулашты.

Эске салсак, 2023-2024-окуу жылынын башында Иран өлкөсүндөгү Аль Мустафа атындагы Эл аралык университети менен Дүйнѳлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде чет тилдерин окутуу максатында заманбап ылайыкташтырылып жабдылган лингафондук кабинет ишке берилип, «Иран тили жана маданияты» борбору ачылган.