Blog Image

Дуйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенти Айгерим Жакшылыкова англис тили боюнча жергиликтүү сынакка катышып, II байгелүү орунду багындырды

14-октябрда Бишкектеги Америка борбору жана Lingua инновациялык билим берүү фонду тарабынан АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен быйыл алтынчы жолу уюштурулган Local Spelling Bee (англисче сөздөрдүн айтылышы)  сынагында жергиликтүү колледждердин жана университеттердин студенттери катышкан. Анда И.Арабаев атындагы КМУнун Дуйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун ФА-11-21 группасынын студенти Айгерим Жакшылыкова II байгелүү орунду багындырды. Ошону менен, ал сынактын кийинки баскычына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 
Сынактын катышуучулары тарабынан англис тилинде сөздөрдү сөздүктө көрсөтүлгөндөй туура айтуусу талап кылынат.  Бул сынактар жаштарды англис тилин үйрөнүүгө үндөйт жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы жаштарга билим берүү мүмкүнчүлүгүн берет.
2023-жылдын ноябрь айында Улуттук Spelling Bee сынагынын алдыңкы үч жеңүүчүсү Тажикстандын Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын атынан чыгат. Үч жеңүүчү Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын эң мыкты орфографиялык чеберлери менен ат салышат.