“Эң мыкты эссе” сынагынын активдүү катышуучусу Журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Г. Салиевага Ыраазычылык кат тапшырылды
6-декабрда А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканада өткөн “Мелис Эшимкановдун Кыргыз Республикасындагы эгемен журналистиканын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү ролу жана орду” аталышында илимий-практикалык конференцияда студенттер арасында өткөрүлгөн “Эң мыкты эссе” сынагына активдүү катышкандыгы үчүн, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Гульнура Салиева М.Эшимканов атындагы коомдук фонду тарабынан Ыраазычылык кат алды. Радио жана телеберүү тармагындагы кызматкерлердин күнүнө арналган конференцияда журналист, саясий ишмер Мелис Эшимканов тууралуу тартылган даректүү тасма көрсөтүлүп, чыгармачылыгы, саясий карьерасы жөнүндө атайын сүрөт көргөзмөсү уюштурулган. Иш-чарага белгилүү журналисттер, коомдук ишмерлер, саясатчылар, окутуучулар жана студенттер катышты.