Blog Image

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети курамдар аралык кафедралардын окутуучуларына ыраазычылык каттарын тапшырды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинин Окумуштуулар кеңешинин 29-марттагы жыйынында факультеттин деканы, профессор Курбанова Назира Умаровна курамдар аралык кафедралардан факультеттин студенттерине сабак берген бир катар окутуучуларга ыраазычылык каттарын тапшырды. Студенттердин арасында анонимдүү жүргүзүлгөн “Окутуучу студенттин көзү менен” анкетасынын жыйынтыгында Ниязова Айнагүль Маликовна, Качикеев Турдумамат Жолдошматович, Касымова Чынара Талантбековна, Черикчиева Гүлмира Мейманбековна, Төлөгөнова Гүлзат Асейиновна, Сманбаев Өрнөк Аманович ж.б. окутуучуларга ыраазычылык каттар берилди. Декан Курбанова Назира Умаровна  студенттер мыкты окутуучу катары санаган жогорудагы окутуучулардын иштерине ийгилик каалап, студенттер үчүн кылган эмгектерин баса белгиледи. Студенттер келечекте ушул агай-эжелерден үлгү алып, устаттык улуу кесипти өрнөктүү аркалашаарын айтышты.